БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Москва Украинадагы атайын операция боюнча өз позициясын коргоодо Вашингтондон озуп өттү. Мындай пикирин АКШнын Киевдеги элчи кызматына талапкер Бриджит Бринк сенатта билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эми буга биз каршы туруу үчүн катуу аракет кылып, жаңычыл болушубуз керек", — деди Бринк.
Талапкерге сенатор Роб Портман: "Россиянын Украинадагы атайын операциясын актоо боюнча позициясына кантип каршы турууга болот?" — деп суроо берген.
"Менимче, биз дагы көбүрөөк иш кылышыбыз керек. Бул мен каалаган нерсе. Биз ресурстар жана аракеттер жагынан бир топ артта калып баратабыз. Украинадагы атайын операция Россияга стратегиялык жактан ийгиликсиз болушу үчүн АКШнын мыйзам чыгаруу органы менен иштешем. Конгресс менен бирге иш алып барып, Украинага согуш талаасында жана сүйлөшүүлөр маалында жардам берем. Биз Россиянын Украинага үстөмдүк кылуу аракетинин оңунан чыкпай калышына аракет кылабыз", — деди Бринк.
Ал Киевдеги АКШнын элчилигинде мүмкүн болушунча эртерээк ишин баштоого даяр экенин билдирди.
"Эгерде мен кызматка дайындалсам, алдыма койгон биринчи милдет АКШнын стратегиялык кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу менен Украинанын демократиялуу, эгемендүү, көз карандысыз жана гүлдөгөн өлкө болушуна салым кошуу болот", — Бринк.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Ал эми Батыш жана НАТО өлкөлөрү Украинага тилектеш экенин билдирип, ар тараптан жардам берип келет.