5 млн. адам кулчулукка кеткен. Ааламды апаатка салган Улуу Ата Мекендик согуш

Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип жаткан учур. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Бул согушта совет эли эбегейсиз каармандык көргөзүп, фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрүнүн таш-талканын чыгарып, жеңишке жеткен.
Sputnik
Колумнист Алмаз Батилов бул каардуу күндөр тууралуу Беларусь телеграф агенттиги (БелТа) жана КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтердин негизинде сүрөт баяндама жасаган. Автор БелТанын архивинен Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу сүрөттөрүн табууга көмөктөшкөн Кыргызстандагы Беларусь элчилигине ыраазычылык билдирет. Тилекке каршы, сүрөт түрмөктөгү айрым жердештерибиз жөнүндө толук маалымат жок.
1 / 22

Крым үчүн салгылаштын баатыры, учактын аткычы Абдыкасым Карымшаков. Бул салгылашта ал эки учакты атып түшүргөн. Карымшаков каармандыгы үчүн үч даражадагы Даңк ордени жана Улуу Ата Мекендик согуштун ордени менен сыйланган. 1942-жыл.

2 / 22

Брест чебин коргогон жоокерлердин өлүм алдында тамдын бооруна жазган акыркы каты.

1941-жылы 22-июнда Брест чебинин гарнизону фашисттик баскынчыларга айыгышкан каршылык көрсөткөн. Советтик жоокерлер кыйынчылыктарга карабастан бир айдан ашык салгылашкан.

3 / 22

1941-жылы 24-июнда Брест чебинин командачылыгы гарнизондогу калган бардык аскердик бөлүктөрдү бириктирүү тууралуу буйрук чыгарган.

Брест чебин коргогон жоокерлердин арасында кыргызстандыктар да бар эле. Немец документтеринде чепти коргоодо "Кыргыз полку" катышкан деген маалымат сакталып калган.

4 / 22

1941-жыл 7-июль. Фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү СССРдин армиясы менен калкы биргелешип каршылык көрсөтөт деп күткөн эмес. Мисалы, 1940-жылы Франциянын куралдуу күчтөрү Гитлердин армиясына бир айдан ашык убакыт гана туруштук берген. Ошол эле жылы Польшанын фашисттик Германияга 27 күн каршылык көрсөтүүгө чамасы жеткен.

5 / 22

Беларустан заводдор тылга эвакуацияга кетип бара жаткан учур. 1941-жыл 7-июль.

1941-жылы июлдан баштап октябрга чейин Украина, Беларусь жана Борбордук Россиядан 1 360 ири завод жумушчулары менен Волга дарыясынын боюна, Сибирь, Урал, Казакстан жана Орто Азияга көчүрүлгөн.

6 / 22

Панфилов дивизиясынын комиссары Лобачев жоокер Л.В. Ковригинге Кызыл Туу орденин тапшырып жаткан учур. 1942-жыл.

Москванын алдындагы салгылаштарга жети миллион советтик аскер катышкан. Бул салгылаштарда фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрүнүн тарабынан да жети миллион жоокер салгылашканы айтылат.

7 / 22

Баранович аймагында партизандарга таандык "Чырвоная звязда" гезитинин жашыруун типографиясы. Беларусь ССРи, 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согушта 1 500 советтик журналист баатырларча курман болгон. Анын ичинен он журналистке Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

8 / 22

Таллян Абдуллаевич Абушахметов. 1932-жылы Коммунисттик партияга мүчө болуп Улуу Ата Мекендик согушка чейин партиялык кызматта иштеген. 1944-жылы декабрда кан майданда курман болгон. Абушахметов эрдиги үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени менен сыйланган.

9 / 22

Беларусь партизандары саз аралап аскердик операцияга кетип бара жаткан учуру. 1942-жыл.

Фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарда партизандык кыймыл башталган. Партизандар вермахтын жыйырма миңден ашуун эшалон талкалашып, он миңдеген гитлечилерди жок кылышкан. Мындан сырткары Борборду абдан баалуу чалгын маалымат менен үзгүлтүксүз камсыздап турган.

10 / 22

Үчүнчү Беларусь фронтунун кыргызстандык жоокери Жашжигитов

11 / 22

52 гитлерчини жок кылган кыргызстандык жоокер Б.Кулбаев. 1942-жыл декабрь, Түндүк-Батыш фронту. Сүрөттүн автору Нарциссов.

12 / 22

1-гвардиялык аба-десанттык парашюттук дивизиянын батальонунун командири Ю.Осмонбеков. 1943-жыл

13 / 22

Минск чөлкөмүндөгү "Железняк" атындагы партизандык бригаданын зенитчиктери. 1943-жыл. Беларустук партизандар менен чогуу кыргызстандык жоокерлер фашисттик баскынчыларга каршы согушкан. 1941-1944-жылдары Беларусь жергесинде Гитлердин баш кесерлери 1 845 155 адамды өлтүргөн.

14 / 22

Гвардиянын генерал-майору Михаил Кутузов СССРдин Жогорку Советинин президиумунан Панфилов дивизиясынын Ленин ордени жана грамотасы менен сыйланганы тууралуу жарлыгын окуп жаткан маалы. Сүрөттүн тартылган жери белгисиз. 1943-жыл. Сүрөттүн автору Нарушов.

1942-жылы февралда Новгород облусунун Бородино айылынын жанында панфиловчулар менен 75-атайын деңиз бригадасынын аскерлери биргелешип Гитлердин тандалма желдеттеринен куралган СС "Өлүк баш" (Мертвая голова) дивизиясын толук талкалаган.

15 / 22

Айылдын тургундары партизандарга нан берип жаткан учур. 1943-жыл, Могилев чөлкөмү.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда гитлерчилер Советтер Союзунан 4 миллион 979 миң адамды кулчулукка айдап кетишкен. Аларды фашисттик Германиянын жетекчилиги оор жумуштарда иштеткен. Siemens, Daimler-Benz, Volkswagen, Opel жана BMW өңдүү ишканалар советтик жарандарды бекер күч катары пайдаланган. Мындан 2 миллион советтик атуул гана аман калган.

16 / 22

Беларусь партизандары парад учурунда. Минск, 16-июль,1944-жыл.

1944-жылы 3-июлдан баштап 11-июлга чейин 1 жана 3-Беларусь фронтунун бөлүктөрү менен беларус партизандары биргелешип Минскини бошотушат. Бул аскердик операциянын урматына шаардык ипподромдо парад өткөрүлүп, ага отуз миң партизан катышкан.

17 / 22

Михаил Кутузов атындагы партизандык отряддын Сенненск бригадасынын жоокерлери Рыдлевскихтер. Алар аскердик операциялар менен диверсияларга катышкан. Беларусь ССРи, Витебск аймагы.

Фашисттик тылда каармандык көрсөткөн 300 миңдей советтик партизан аскердик медаль жана орден менен сыйланган. 249 партизанга Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Гитлерчилерге каршы күрөштө 86 791 беларус партизаны окко учкан.

18 / 22

Кыргызстандык жоокер Т.Молдоканов, Берлинди алууга катышкан. Германия, 1945-жыл.

1945-жылы жазда гитлерчилер Кызыл армиянын жоокерлерине айыгышкан каршылык көрсөткөн. Берлинди алуу операциясында 80 миңден ашуун советтик аскер баатырларча курман болгон.

19 / 22

Кыргызстандык панфиловчулар казакстандык полктошторун күтүп жаткан учур. Фрунзе, №6 орто мектеби. 1969-жыл. Сүрөттүн автору Белосвет.

1967-жылы 8-гвардиялык дивизия Эстониядан Орто Азия аскердик округуна которулат. Дивизия Кыргызстан менен Казакстанга жайгаштырылат. 1971-жылы бул аскердик бөлүктүн отуз жылдык мааракеси белгиленген.

20 / 22

Панфиловчулар 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири генерал-майор Анатолий Пиликов менен жолугуп жаткан учур. Фрунзе, 1970-жыл.

Панфилов дивизиясы эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн негизин түзөт. 1993-1998-жылдары ушул дивизиянын жоокерлери Тажикстанда жарандык согушту токтотууга салымын кошкон.

21 / 22

Аскердик курбулар, Панфилов дивизиясынын медайымдары Вера Панфилова жана Асипа Исмаилова. Алма-Аты шаары, 1956-жыл.

Атактуу генерал-майор Иван Панфиловдун кызы Вера кан майданда үч жолу жарадар болгон. Ал эми Асипа Исмаилова салгылаштарда оор жаракат алган аскерлерди атка өңөрүп ташыган. Эки курбу өмүр бою бири- биринен кол үзүшкөн эмес.

22 / 22

Минскиде Улуу Жеңиш күнүнө арналган парад. 2005-жыл, 9-май.

Ата Мекендик согуштун учурунда ар бир үчүнчү беларус каза болгон. Кан майданда Беларустун 1,3 миллион уул-кызы салгылашкан.