Таттыбүбү менен Сүймөнкулдун ири сүрөттөрү имараттын бооруна тартылды

Мурал тартылган имарат Чүй проспекти менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Борбор калаада кыргыздын таланттуу актерлору Сүймөнкүл Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын дубал бетине тартылган сүрөттөрү пайда болду.
Жагымдуу маанай тартуулаган мындай эмгекти Чүй проспекти менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын боорунан көрүүгө болот.
Мурал атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алма" чыгармасы боюнча тартылган кинокартинадан алынган.
Бишкекте медиктерге арналган сүрөт дубалга тартылды