Жапаров АФК президенти менен жолугуп, быйыл футбол стадиону куруларын айтты

Өлкө башчы билдиргендей, футбол стадиону дүйнөлүк стандарттарга жооп бергидей болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрахим Аль-Халифа менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрахим Аль-Халифа менен жолугушту

2 / 3

Жолугушууда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана өлкөдө футболду мындан ары жайылтуу максатында натыйжалуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду

3 / 3

Жапаров быйыл өлкөдө дүйнөлүк стандарттарга жооп берген көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу башталарын айткан.

Жолугушууда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана өлкөдө футболду мындан ары жайылтуу максатында натыйжалуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.
Жапаров быйыл өлкөдө дүйнөлүк стандарттарга жооп берген көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу башталарын айткан.
Ал эми Салман бин Ибрагим Аль-Халифа Кыргызстан менен кызматташуу мындан ары дагы тереңдейт деген ишенимин билдирип, футболго колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.
Ал Азия континентинде Кыргызстандын футболунун өнүгүшү жакшы мисал экенин баса белгилеген.
"Акыркы жылдары кыргыз футболу жакшы өнүгүп жатат. Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтыктарга жетишти", — деди АФК президенти.
Ал ошондой эле Садыр Жапаровго өлкөдөгү футболду өнүктүрүүдө жана Азия кубогуна тандоо турниринин тайпалык раундунда матчтарды Кыргызстанда өткөрүүдө көрсөткөн жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жапаровдун командасы турнирден утуп млн. сом алды. Акчаны кайда жумшайт