Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияга каршы санкция. Кытайда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кайрылуу жасалды

Батыштын Россия нефтисинен баш тартуусу дүйнөлүк экономиканы мындан ары да туруксуздаштыра бериши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер дүйнөлүк экономикага зыян келтирген Батыштын Россияга карата санкцияларынын кесепети менен бирге күрөшүүсү керек. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Global Times гезитинин журналисти Ван Цзямейдин жазгандарына таянып кабарлады.
Автордун айтымында, Батыштын Россия нефтисинен баш тартуусу дүйнөлүк экономиканы мындан ары да туруксуздаштыра бериши ыктымал.
"АКШ жана анын союздаштары Россияга экономикалык зыян келтирүүгө аракет кылганы менен санкциялар Батыш мамлекеттерине оор залакасын тийгизип калат. Анткени Россия дүйнөдөгү энергия менен камсыздоочу негизги мамлекеттердин бири", — деген Цзямей.
Анын айтымында, Россиянын мунайына байланышкан белгисиздик дүйнөлүк рынокто баанын көтөрүлүшүн шарттап, инфляция көйгөйүн күчөтүп жатат. Бул өз кезегинде АКШ жана анын союздаштарынын экономикасы үчүн олуттуу көйгөй жаратышы ыктымал. Батыштын Россияга каршы санкциялары дүйнөлүк экономика үчүн узак мөөнөткө терс фактор болуп кала берет.
Ван Цзямейдин айтымында, бул глобалдык экономикага олуттуу кесепетин тийгизет. Өзгөчө рынок экономикасы жаңы түзүлүп баштаган жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн оор болот. Мындан улам журналист өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди өзүнүн экономикалык координациясын бекемдөө жолдорун карап чыгууга чакырган.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиши керек дешкен. Кремль аны буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. Бийлик мындай сценарийге мурдатан эле даярдангандыгын айтып, социалдык милдеттенмелер мурдагысындай эле аткарыла берерине ишендирди.
Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Мындай жагдай Европа биримдигиндеги көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.
Германия канцлери Россия газынан баш тартуунун кесепетин тынбай айтууда