БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соода объектилерин жана базарларды пландан тышкары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Негизги максат — тамак-аштан массалык ууланууну алдын алуу.
Текшерүү маалында ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген товарлар изделет жана тез бузулуучу азыктарды сактоо шарттарын каралат.
Департамент коомчулукка төмөнкү чараларды сактоого чакырат:
кооптуу продукцияны сатып алганыңызды үйгө келгенден кийин билип калсаңыз аны пайдаланбаңыз жана өз алдынча жок кылууга аракет кылбаңыз;
продукцияны сизге саткан соода объектисине, сатуучуга жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аймактык органдарына билдириңиз;
тез бузулуучу каймактуу кондитердик азыктарды көчөдөн жана сактоо шарттары сакталбаган (муздаткычтары жок) дүкөндөрдөн сатып албаңыз.