БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун" төрайымы Анна Кутанова менен коштошту. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Кутанова менен коштошуу зыйнаты өзү 38 жыл мугалим болуп эмгектенген Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде өттү.
Блокадачынын сөөгү борбор калаанын Түндүк көрүстөнүнө коюлат.
Кутанова 8-майда 92 жаш курагында каза болгон.
Кутанова 1930-жылы 18-январда туулган. Ал Кыргызстанга көчүрүлгөнгө чейин Ленинградда жашаган. Мектеп курагында штабга аткылоого кабылгандар тууралуу маалымат берип турган. Ага "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана башка көптөгөн юбилейлик төш белгилер ыйгарылган.