Туура тамактануу режимин сактабагандыктан өлкөдө калктын дээрлик жарымы ашыкча салмактан жабыркайт. Мындай жагдай өнөкөт оорулардын пайда болушуна өбөлгө болуп, эрте өлүмгө кептеши мүмкүн. Тилекке каршы, алардын аз гана бөлүгү убагында тиешелүү чара колдонот. Бул тууралуу Келдибек Атайбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ден соолукка зыян келтирбегендей тартипте спорттук машыгуу аркылуу рационалдуу тамактануу — туура салмак кошуунун же арыктоонун негизги жолу.
"Кыргызстанда калктын 50 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт. Бул туура тамактануу режимин сактабагандыктан келип чыгат. Кесепети бир топ өнөкөт оорулардын пайда болушуна өбөлгө болуп, эрте өлүмгө кептеши мүмкүн. Тилекке каршы, алардын аз гана бөлүгү убагында тиешелүү чара колдонот. Рационалдуу тамактануу — туура салмак кошуунун же арыктоонун ачкычы. Кыргыздар кечинде оор тамактанып, көп эрежелерди сактабайт. Спорт аркылуу арыктоонун өзүнө тиешелүү талаптары бар. Ар бир адамдын абалына, аркетине, ден соолугуна жараша машыгуу жана тамактануу каралат. Болжол менен бир айда орточо 7-8 килограмм салмак таштаса болот. Акыркы учурларда ашыкча салмактан арылуу үчүн эркектер да көп кайрылышууда", — деди Атайбек уулу.
Ошондой эле адис тез арыктоо үчүн медициналык операция, түрдүү дары-дармекти орунсуз колдонуу ден соолукка абдан зыян экендигин кошумчалады.