Радио

Улуттук банк эскилиги жеткен сомду 50-80%ы сакталган учурда алмаштырат

Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Артыкова улуттук валютанын эскилиги жеткен жана зыян келтирилген банкнота жана монеталарын алмаштыруу тартиби тууралуу айтып берди.
Sputnik
Улуттук валюта 100 пайыз пахта буласынан жасалат. Бул — жогорку сапаттагы кагаз. Банкноталар Англия жана Францияда, ал эми монеталар буга чейин Казакстанда жасалса, былтыртан бери Нидерланддагы зерканада чыгарылат. Жалпы жонунан 29 жыл ичинде Кыргызстанда улуттук валюта төрт ирет басылды. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, өлкөнүн борбордук банкы акча жасоочулукту алдын алуу үчүн ар 7-10 жыл сайын улуттук валютанын коргоо элементтерин жаңыртат. Бул тууралуу Күмүшай Артыкова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банкта эскилиги жеткен, жараксыз банкнота жана монеталарды алмаштыруу дүйшөмбү-жума күндөрү саат 09:00-14:00 аралыгында жүзөгө ашырылат.
"Эскилиги жеткен жана зыян келтирилген, кир, жуулуп калган, тытылган үзүктөрдөн чогултулган, четтери күйгөн, акчанын беттерине жазылып, мөөр коюлган, боектору өчкөн жана басылып чыкканда эле кемчилиги бар банкноталарды алмаштырса болот. Ал эми монеталардын баштапкы формасы өзгөрүп (ийилип, мырыйган, өгөөлөнгөн) бирок аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү сакталган, жогорку температуранын таасири алдында эриген, оюлуп калган, түсүн өзгөрткөн болсо, ошондой эле башынан эле кемчилик менен даярдалып калса алмаштырылат. Улуттук банк акчанын көлөмүнүн 50дөн 80 пайызга чейин жана монетанын салмагынын 80 пайыздан көбүрөөгү сакталса гана алмаштырат. Ал эми коммерциялык банктарда банкнотанын 80 пайыздан көбүрөөгү сакталган, эскилиги жеткен, жараксыз купюралар жана монеталар алмаштырыла берет. Жараксыз банкнота жана монетаны алмаштыруу акысыз жүргүзүлөт. Дүйнөдө эскилиги жеткен акча бирдигин өрттөп, терең көөмп же линолеум, сувенир жасоого, мындайча айтканда, кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Ал эми биз пандемияга чейин эскилиги жеткен банкноталарды Токмок фабрикасына жөнөтүп, алар картон-коробкаларды жасашчу. Азыр кирпич заводго жиберебиз", — деди Артыкова.
Ал коммерциялык банк улуттук валютаны кабыл алуудан жана алмаштыруудан негизсиз баш тарткан учурда Улуттук банктын 66 91 41 жана 66 91 63 номерине кайрылса болорун кошумчалады.