Министр: депутаттын жардамчысын кызматка койбой койсом мени жамандап жатат

Жыйында депутат министрдин ишине сын тагып, буга чейин да кызматта отурганда алгылыктуу жумуш жасай албаганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын Токтогул районундагы кесиптик-техникалык лицейге директор кылып дайындоону сунуштады. Аны аткарбай койгондон кийин мени жамандап жатат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЖКнын Социалдык маселелер комитетинде билдирди.
Жыйында депутат министрдин ишине сын тагып, буга чейин да бул кызматта отуруп алгылыктуу жумуш жасай албаганын айткан.
"Ушул теманы көтөрүп калдыңыз, сиздин сыныңызга жооп берип коёюн. Мен министр болуп дайындалгандан кийин өзүңүздүн жардамчыңыз Айжан Үсөнканованын резюмесин алып келип, Токтогул районундагы №39 кесиптик-техникалык лицейге директор кылып дайындоону сурандыңыз. Аны кызматка койбогонум үчүн азыр эл алдында мени жамандап жатасыз. Урматтуу депутат, менин эч кандай жеке кызыкчылыгым жок, мен иштейин деп келдим, президент бул тармакты мага ишенип тапшырды", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле министр эл өкүлүн жеке таарынычы болсо өзүнө келип ачык айтууга чакырды.
"Мени публикага жамандап жатасыз, андай болсо мен да сизге ачык жооп берем. Айжан Үсөнканованын критерийлери жараган жок, ал сиздин жардамчыңыз болчу. Мен аны кызматка коё алган жокмун, кечирип коюңуз", — деди министр.
Андан соң депутат ошол лицейге барып абалын көргөндөн кийин элдин пикирин эске алуу менен сунуштаганын айтты. Андан башка кызыкчылыгы жоктугун жана министрге жардам берүү максатын көздөгөнүн белгиледи.
Буга чейин депутат Кундузбек Сулайманов министрлерге телефон чалса албай жатканын айтып президентке даттанган.
Маданият министри Жаманкулов ЖК депутаттарын театрга чакырды