БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге чейин жетет.
ӨКМ жарандарды шамал учурунда коопсуз жайда болууга чакырат.