Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Украинага жөнөкөйлөтүлгөн жол менен техника берүү мыйзамына кол койду

Эми АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү маселесин карап жатат. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул мыйзам долбоорун Конгресстин эки палатасы тең апрель айынын соңунда карап чыгып, колдоп берген.
Документ Украина менен Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө аскердик жардам көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, "аталган өлкөлөргө Россия аскерлери басып кирген учурда президенттин айрым ыйгарым укуктарын колдонбостон эле коргонуу техникасын кредитке берүү жана ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн карайт". Мыйзамды Техас сенатору Жон Корнин ушул жылдын январь айында сунуштаган.
Кредиттик лизинг практикасы Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында кеңири тараган. Ал кезде АКШ антигитлердик коалициядагы союздаштарга, анын ичинде Советтер Союзуна курал-жарак жана стратегиялык материалдарды берип турган.
Баса, Байден администрациясынын Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү өтүнүчү Конгресстин кароосунда турат. Анын ичинен 20,4 миллиард доллары Украинага кошумча аскердик жардам берүүгө жумшалмакчы.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштын курал-жарак жеткирүүсү тараптардын сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизип жатканын айткан.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинага коргонуу техникасын берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми тууралуу комментарийинде бул нерсе АКШ жана НАТО Киевди Россияга каршы иштөөгө эчактан бери даярдап келе жатканынан кабар берерин айткан. Ошондой эле Батыш өлкөлөрү кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүнүн ордуна Украинага курал "ыргытып" коюп маашырланып карап отургандарын кошумчалаган.
Россиянын Польшадагы элчисине кол салуу боюнча РФ ТИМи билдирүү жасады