Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи Антонов: Батыш Россиянын коопсуздук боюнча талаптарын тоготпой жатат

Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Өлкө бийлиги мындай кадамга НАТО тарабынан өзүнүн мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч жаралгандыгы үчүн барганын айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча талаптарын Батыш этибар алган жок. Ал эми НАТО Россиянын чек арасына тынымсыз коркунуч жаратып келет. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Жеңиш күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтканын РИА Новости жазды.
"Биздин өлкө дайыма тең укуктуу жана кынтыксыз коопсуздук системасын түзүүнү жактап келет. Бирок Батышта эч ким Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча адилет жана негиздүү талаптарын уккусу келген жок. Тескерисинче, НАТО Россиянын чек арасына коркунуч жаратып келет", — деди ал.
Ал эми Россия лидери Владимир Путин Москвадагы Жеңиш парадында сүйлөп жатып Россиянын Украинадагы агрессорлорго алдын ала жооп кайтаруусу жалгыз туура чечим болгонун айтты. Ал "Россия үчүн коркунуч күн санап өсүп келе жаткан" деп кошумчалады.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Өлкө бийлиги мындай кадамга НАТО тарабынан өзүнүн мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч жаралгандыгы үчүн барганын айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Украинага жөнөкөйлөтүлгөн жол менен техника берүү мыйзамына кол койду