Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Айыл өкмөтүнүн жетекчисинен сырткары анын орун басары жана дагы эки кызматкер коррупцияга шектелип жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Аламүдүн районунда коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалгандыгын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмышка шектелген айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы жетекчиси учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Алдамчылык, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн тергелген материалдарынын негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларынан улам ички иштер органдарына бир нече жаран кайрылган. Алар Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына карата чара көрүүнү суранышып, ал алдамчылык жол менен аталган айыл өкмөттүн башка кызматкерлери менен биргеликте жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, айрым учурларда акча каражатын, автоунааларды ээлеп алганы айтылган", — деп билдирди маалымат кызматы.
Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Мурда көрсөтүлгөн фактылар боюнча милиция төмөнкү үч адамды да кармаган:
Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 48 жаштагы орун басары К.А.;
Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн 63 жаштагы мурдагы кызматкери К.А.;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 62 жаштагы жооптуу катчысы Д.Ю.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 39-337-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу"), 379-берене ("Документтерди жасалмалоо") жана 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде кылмыш жасаган деп шектелип жатканы маалымдалды.
Алексей Ширшов кармалды. УКМК ал кайсы кылмышка шектелип жатканын айтты