11-майдан тарта мамлекеттик органдар электрондук документке өтөт

Министрлер кабинетинин башчысына электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча берилген тапшырма кандай аткарылып жатканы боюнча маалымат беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Эртең, 11-майдан тартып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы Акылбек Жапаров бүгүн президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөргөндө айткандыгын кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысына электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча берилген тапшырма кандай аткарылып жатканы боюнча маалымат беришкен. Андан сырткары, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына социалдык жөлөк пулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө тапшырылган.
Эске салсак, Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган.
Апрелден тарта маморгандар кагаз ташууну токтотуп, электрондук документке өтөт