Жалал-Абаддагы "Өлбөс полкко" эки миңден ашуун адам катышты. Видео

Акциянын катышуучулары "Жеңиш" багындагы "Өчпөс отко" чейин басып келип гүл коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында "Өлбөс полк" өтүп, эки миңден ашуун адам жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, акциянын катышуучулары согушка катышкан, оорукта эмгектенген ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп таң эрте шаардын борбордук аянтынан баштап "Жеңиш" эс алуу багына чейин басып келишкен. Андан соң "Өчпөс отко" гүл коюшту.
1 / 3

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында "Өлбөс полк" өтүп, эки миңден ашуун адам жүрүшкө чыкты

2 / 3

Маалыматка ылайык, акциянын катышуучулары согушка катышкан, оорукта эмгектенген ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп таң эрте шаардын борбордук аянтынан баштап "Жеңиш" эс алуу багына чейин басып келишкен

3 / 3

Андан соң "Өчпөс отко" гүл коюшту

Майрамдык акцияга Жалал-Абад облусунун жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, шаардагы согуш ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме, ишканалардын жамааттары жана калаа тургундары катышты.
Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү чоң салтанат менен аяктады