Шейшембиге карата аба ырайы

10-майда түнкүсүн өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Шейшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас чөлкөмүндө +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош калаасында +27…+29 градус болот.
Эч нерсе унутулбайт! Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн 18 сүрөт