Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Володин: Россия батыштын НАТОну чыгышты карай кеңейтебиз деген планын бузду

G7 мамлекеттеринин башчылары буга чейин Россия Украинада жеңишке жетпеш керектигин айткан билдирүүнү таратышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. G7 мамлекеттеринин Россиянын Украинада жеңишке жетишине жол бербөө ниетин алардын атайын операциянын ийгилигин таануусу катары бааласа болот. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.
G7 мамлекеттеринин башчылары буга чейин Россия Украинада жеңишке жетпеш керек деп айткан билдирүүнү таратышкан.

"Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция, Япония Россиянын куралдуу күчтөрүнүн атайын аскердик операциясынын ийгилигин тааныды. Алардын "Россия Украинада жеңишке жетпеш керек" деген билдирүүсүн дал ушундай бааласа болот", — деп жазган Володин өзүнүн Telegram-каналында.

Ал Россия батыштын НАТОну чыгышты карай кеңейтебиз дегенин планын бузганын белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.