БИШКЕК, 9-май — Sutnik. НАТО Россияны уккусу келген жок, себеби алардын Крымга кол салуу боюнча даярдык көргөн таптакыр башка планы бар болчу. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Кызыл Аянтта Жеңиш парадында айтты.
"НАТО өлкөлөрү бизди уккусу келген жок, демек, чындыгында эле алардын башка планы болгонун биз көрдүк. Донбасска карата кезектеги жазалоо операциясына, Крымды кошкондо биздин тарыхый жерлерибизге кирип барууга даярдык ачык эле жүрүп жаткан", — деди Путин.
Путин Киевдин өзөктүк куралды алуу ыктымалдыгын билдиргендигин белгиледи.
Путин 24-февралда элге кайрылуусунда Улуу Ата Мекендик согушка байланышкан тарых барактарын эске салып, 1940-1941-жылдары СССР алааматтын алдын алууга, жок дегенде анын башталышын токтотууга аракет жасагандыгын белгилеген. "Акыркы мөөнөттөргө чейин потенциалдуу агрессорду кадам таштатпоого далалат кылып, алар баш тартпай калган кол салууга жооп берүүгө зарыл деген нерселерди жасаган жок жана кийинкиге калтырып жатты. Ошонун кесепети "кеч кабыл алынган, кырсыктуу" жыйынтыкка алып келди" деген пикирин айткан.
РФ лидери "душманды токтотууга, андан соң бир топ жоготууларга тушугуп, анан кыйратып жок кылууга мүмкүн болгондугун", катачылык агрессордун көңүлүн алам дегенден улам жаралгандыгын, бирок ал, тилекке каршы, өлкө элинин өмүрү менен бааланып калгандыгын айтты.
Россия лидери "экинчи ирет мындай ката кетире албайбыз, ага акыбыз жок" деп белгиледи.