Адис ооз рагына кептечү жаман адаттарды эскертти

Эгер чылымды спирт ичимдиги менен чогуу колдонсо, ооз рагына кабылуу тобокелчилиги 30 эсеге өсөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Чылым чегүү өпкө рагына алып келерин көпчүлүк билет. Бирок бул жаман адат ооз рагын да пайда кылышы ыктымал. Бул тууралуу Focus.de. порталына таянып РИА Новости жазды.
Маалым болгондой, эгер чылымды спирт ичимдиги менен чогуу колдонсо, ооз рагына кабылуу тобокелчилиги 30 эсеге өсөт.

"Тамекинин түтүнүндө миңдеген зыяндуу кошулмалар бар. Ошол себептен чылымдын жыты менен тыгыз байланышта болгон ткандын баары жабыркашы ыктымал. Ага кошул-ташыл болгон спирт абалды оорлоштуруп жиберет", — деп жазылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, ооз рагы башында белги бербейт, акыркы стадияларда гана билинет. Ошол себептен баштапкы белгилерге көңүл бөлүү кажет. Маселен, бул ооруда жара, шишик дароо айыкпай, былжыр чел жабыркап, көп канашы ыктымал.
Адистер рактын алдын алууга жардам берген беш азыкты аныкташты