ШИИБ Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнө канча адам катышканын айтты

Саат 9:00дө башталган жүрүш болжол менен 11:30да аяктады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнө 15 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" акциясы Дайыр Асанов атындагы паркында башталып, чогулгандар Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен "Жеңиш" аянтына чейин жөө барышты.
Бишкектиктер менен шаар коноктору Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп басышты. Саат 9:00дө башталган жүрүш болжол менен 11:30да аяктады.
Бишкектен тышкары "Өлбөс полк" акциясы Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка жерлерде болду.
Садыр Жапаров экс-президент менен "Өчпөс отко" гүлчамбар койду. Видео