Москвадагы "Өлбөс полктун" жүрүшүнө Владимир Путин катышты. Видео

Путин жүрүштү баштап, колуна фронтчу атасынын сүрөтүн көтөрүп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Москвада өтүп жаткан "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты.
Ал жүрүштү баштап, колуна фронтчу атасынын сүрөтүн көтөрүп чыккан.
Бүгүн Россиянын борбор калаасында Жеңиш парады өтүп, түштөн кийин "Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Бул акцияга Москвада жашаган кыргызстандыктар дагы катышты.
Владимир Путиндин атасы Владимир Спиридонович экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, гранатанын чачырандысынан жаракат алып, согуш талаасынан жердеши алып чыккан.
Москвадагы "Өлбөс полк" жүрүшүн түз эфирден көрүңүз.
Ак калпак жана туу! Москвада "Өлбөс полкко" катышкан мекендештер. Видео