Ак калпак жана туу! Москвада "Өлбөс полкко" катышкан мекендештер. Видео

Видеодо көрүнүп тургандай, эркектер калпак, аялдардын айрымдары кыргыздын салттуу кийимин кийип баскан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Москвада өтүп жаткан "Өлбөс полк" акциясына кыргызстандыктар да катышты.
Жүрүшкө Россиянын борборунда жашаган мекендештер чыккан.
Видеодо көрүнүп тургандай, эркектер калпак, аялдардын айрымдары кыргыздын салттуу кийимин кийип баскан. Мекендештер согушка катышкан чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрүн жана Кыргызстандын желегин көтөрүп алышкан.
Ошондой эле "Кыргыз жери" аттуу чыгарманы да аткарганын угууга болот.
Эч нерсе унутулбайт! Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн 18 сүрөт