Матвиенко КМШ өлкөлөрүн ата-бабалардын эрдигин түбөлүк эстеп жүрүүгө чакырды

Спикер азаптуу жана адамгерчиликсиз идеялардын кайра жаралышына жол бербей, жаңы глобалдуу чакырыктарга каршы туруу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия КМШ өлкөлөрүн өз тарыхындагы баатырдык баракчасын сактап, ата-бабалардын Улуу Ата Мекендик согуштагы баа жеткис эрдигин ар дайым эстеп жүрүүгө чакырат. Бул тууралуу РФ Федералдык кеңешинин спикери Валентина Матвиенко билдирди.

"Улуу Ата Мекендик согуштун тагы биздин жүрөгүбүздө сакталып, муундан-муунга өтүп турат. Андагы жетишкендиктер, жакшы иштер бүгүнкү күндө сыноолорго сынбай Ата Мекенди коргоого жана өлкөбүздүн келечегин өзүбүздүн аныктообузга жардам берет", — деп айткан Беларусь президенти Александр Лукашенкого жиберген куттуктоосунда.

Матвиенконун айтымында, азыркы тапта негизги милдет — азаптуу жана адамгерчиликсиз идеялардын кайра жаралышына жол бербей, жаңы глобалдуу чакырыктарга каршы туруу.
"Биздин өлкөлөрдүн элине фашизмди жеңүү өтө чоң апааттын арты менен келди — миллиондогон аскерлер, жай тургундар курман болду, ачарчылыкты баштан кечиришти, шаарлар, жерлер талкаланды. Биз КМШ өлкөлөрүн өз тарыхындагы баатырдык баракчасын сактап, ата-бабалардын Улуу Ата Мекендик согуштагы баа жеткис эрдигин ар дайым эстеп жүрүүгө чакырабыз", — деди Матвиенко.
Ал ушундай эле куттуктоо телеграммасын КМШ өлкөлөрүнүн, Сербия, Абхазия жана Осетия парламенттерине жөнөткөн. Аны менен катар ЛЭР менен ДЭРдин жетекчилигин да куттуктаган.
Путин кыргыз элин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады