Радио

Байгазиев: мамкызматкердин этикасын түзүүдө улуттук колоритти кошуу керек

Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев "Манас" эпосундагы административдик башкаруу жана андагы мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу китеп жазганын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик кызматкердин этикасын эгемендүү өлкөдө кайрадан түзүп чыгып, ага улуттук колоритти кошуу зарыл. Мындай пикирин Советбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Манас" эпосунда мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму кандай болушу керектиги кенен сүрөттөлгөн.

"Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча кайрадан иштер жасалышы зарыл болуп турат. Аны түзүп, саясий кызматкерлерди өзүнчө милдеттендирип жана аны талап кылуу жолдорун иштеп чыгуу зарыл. Аны түзүүдө улуттук колоритти кошушубуз керек. "Манас" эпосунда бул абдан жакшы көрсөтүлгөн. Мисалы, Манас баатыр жигиттерден өзүнө чоро тандоодо өтө жогору критерийлерди койгон. Бакай атанын акылга муюган сөздөрү эле эмнени туюндуруп турат. Эпостогу мына ушул мамлекеттик башкаруу этикасынан азыркы күнгө үлгү алуубуз шарт", — деди Байгазиев.

Профессор бул жаатта мамлекет тарабынан колго алынган ырааттуу иштер жүрүшү зарылдыгын кошумчалады.