Буга чейин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргендей, парадга 11 миңдей адам катышууда. Ага аскердик техниканын 131 түрү жана 77 учак тартылган.
РФтин коргоо министри Москвадагы параддан жапырт ок чыгарган "Торнадо-Г" системасы өтө турганын да айткан.
Жениш парадына Улуу Ата Мекендик согуштун 590 ардагери катышары күтүлүүдө.