Конор Макгрегор менен Чарльз Оливейра кармашабы. Спортчунун жообу

Оливейра америкалык Жастин Гейжини UFC 274 турниринин алкагында утуп алгандан кийин ирландиялык спортчуну кармашка чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы эки жолку чемпиону Конор Макгрегор жеңил салмактагылар арасында чемпиондукка талапкер Чарльз Оливейрага жооп берди.
8-майда Лас-Вегаста өткөн UFC 274 турниринде жеңүүчү аталган Чарльз Оливейра мурдагы чемпионду беттешке чакырган.

"Мен салмакты таштайм деп ишенбейм. Мага муздаткычтай болуп турган жагып жатат. Мен өзүмдөй болгон дене түзүлүштөгүлөр менен мушташкым келет. Анан менин каршылашым ага кантип жооп узатарын көргүм келүүдө. Бирок мен 100 пайыз бразилиялык менен күч сынашкым келген. Мен Бразилияны сүйөм жана мен бразилиялыктарга каршы утулгусмун. Бул жөнүндө ойлонуп көрүшүм керек", — деп жазды ирландиялык спортчу.

Оливейра америкалык Жастин Гейжини UFC 274 турниринин алкагында утуп алды. Бразилиялык спортчу биринчи раундда муунту ыкмасы менен жеңүүчү аталган.
Ал эми Макгрегор соңку беттешин 2021-жылдын июль айында өткөрүп, Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп, буту сынган.
Конор Макгрегордун качан кармашка чыгары айтылды