Бивол боксчулардын рейтинги боюнча 2-сапка чыкты

Сауль Альварес менен беттешкенге чейин Бивол рейтингдин 17-сабында болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанда туулган Дмитрий Бивол салмак категориясына карабастан боксчулардын рейтинги боюнча экинчи сапка чыкты. Бул тууралуу BoxRec жазды.
Кыргызстанда туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол жекшемби күнү белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Беттеш Лас-Вегаста өткөн.
Канело менен беттешкенге чейин спортчу рейтингдин 17-сабында болчу. Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча эң оор салмактагы британиялык Тайсон Фьюри биринчи орунда турат. Ал апрель айында профессионалдык карьерасын жыйынтыктаганын билдирген. Үчүнчүдө казакстандык боксчу Геннадий Головкин турат. Канело төртүнчү сапка түштү.
Бивол: Токмоктон Вегаска жол бар экен да, талыкпай иштеш керек. Видео