Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Сүрөт

УКМК билдиргендей, шектүү Жалал-Абад облусунун тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Оор кылмышка айыпталган шектүү тергөө органдарынан жашырынып 30-апрелден тарта издөөдө жүргөн. Ал акыры борбор калаадагы Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан колго түшкөн.
"Шектүү жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Адамды уурдап акча талап кылышкан. УКМК шектүүлөрдү кармады