Эч нерсе унутулбайт! Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн 18 сүрөт

Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы кадимки тартипте өттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги жүрүштөн кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
"Өлбөс полк" акциясы саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында башталып, чогулгандар Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен "Жеңиш" аянтына чейин жөө барышты. ШИИБдин маалыматы боюнча, жүрүшкө 15 миңден ашык адам катышкан. Бишкектиктер менен шаар коноктору Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп басышты. Акция болжол менен саат 11:30да "Жеңиш" аянтында аяктады. Аларды салт болуп калгандай "Жеңиш вальсы" бий флешмобу тосуп алды.
Бишкектен тышкары "Өлбөс полк" акциясы Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка жерлерде да болду.
1 / 18

"Өлбөс полк" жүрүшүнө бараткандар

2 / 18

Тартип сакчылары адаттагыдай кызматта. Жүрүш башталуу алдында турат

3 / 18

Акция саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркынан старт алды

4 / 18

Кыргызстандын желегин көтөргөн сулуулар

5 / 18

Чогулгандар Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен ылдый түштү

6 / 18

ШИИБдин маалыматы боюнча, иш-чарага 15 миңден ашык адам катышты

7 / 18

Жүрүшкө чыга албагандар терезеден желек көтөрүп, кол булгалап турушту

8 / 18

Көпчүлүк акцияга балдарын, неберелерин ала келишкен

9 / 18

Акция коронавирустан улам эки жылдан бери онлайн өтүп келген. Быйыл кадимки тартипте уюштурулду

10 / 18

"Өлбөс полк" жүрүшүнө чыккандар. Асмандан тартылган көрүнүш

11 / 18

Бишкектиктер менен шаар коноктору Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп басышты

12 / 18

Жүрүш болжол менен саат 11:30да "Жеңиш" аянтында аяктады

13 / 18

Жүрүштүн катышуучулары, ардак кароол

14 / 18

"Жеңиш" аянтындагы "Өчпөс отко" гүлчамбар койгон Садыр Жапаров

15 / 18

"Өлбөс полк" жүрүшү аяктаган соң "Жеңиш вальсы" акциясы өттү

16 / 18

Согушта курман болгондорго куран окулду

17 / 18

"Өлбөс полк" акциясы Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка жерлерде да болду

18 / 18

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!