БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. 10-майдан 13-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118 чакырымында таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду саат 09:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жаап турат.
"Жолду тазалоо учурунда транспорт каражаттары бир тилке менен өтөт. Эгер 30-40 унаа топтолсо иш убактылуу токтотулуп, өтүп кетүүгө уруксат берилет", — деп жазылган маалыматта.
Иш-чара таштын кулашын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.