Баткенде өткөн Көк бөрү турнирин "Сары-Өзөн", "Алай" командалары жеңди

Беттештер жогорку жана биринчи лига болуп эки топко бөлүнүп өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткен облусунда өткөн Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин жогорку лигасын Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы жеңип чыкты.
Команда финалда Таластан келген "Ынтымак" командасы менен бүйүр кызыткан беттеш өткөрдү. Кыл чайнашкан оюндун негизги бөлүгүндө эсеп 1:1 болуп тең чыкты. Мындан улам булиттер сериясы менен жеңүүчүнү аныктоого туура келди. Анын натыйжасында "Сары-Өзөн" 2:1 эсеби менен утуп, турнирдин чемпиону аталды.
Бул ирет Көк бөрү мелдеши Баткендин Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда өттү. Беттештер жогорку жана биринчи лига болуп эки топко бөлүнгөн.
Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү:
I орун — "Алай" командасы;
II орун — "Көк бөрү мектеби";
III орун — "Достук".
Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү:
I орун — "Алай" командасы;
II орун — "Көк бөрү мектеби";
III орун — "Өзгөн";
Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Улуу Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов жана Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналган.
Жапаровдун командасы турнирден утуп млн. сом алды. Акчаны кайда жумшайт