БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баанын өсүшү АКШлыктар үчүн баш оору бойдон калууда. Бул тууралуу америкалык Fox News телеканалы даярдаган сюжетке шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анда АКШдагы экономикалык көйгөйлөр жана президент Жо Байдендин кризиске карата мамилеси тууралуу айтылат.
"Жеткирүү чынжырынын үзүлүшү жана баанын өсүшү америкалыктар үчүн баш оору бойдон калууда. Ошол эле учурда Байден өзү экономикада жакшы жетишкендиктер бар экенин айтуусун улантууда", — деди материалдын автору.
Ошондой эле ал бул сюжеттен кийин көрөрмандар тарабынан кандай ой-пикирлер түшкөнүн жарыялады.
"Американын маанайы кандай? Баарыбыз жинденип жатабыз, башка айтар сөз жок", — деди Spooler аттуу колдонуучу.
"Дүкөндөрүбүздүн текчелери бош турса, башчылар Украинага акчасын адалдоо үчүн миллиарддаган долларларды жөнөтүп жатышат. Администрацияны кууп чыккыла!" — деп ачууланды JJ M.
"Федералдык резервге катуу көзөмөлдү жоготтук. Эми минтип гиперинфляцияга бара жатабыз", — деп жазды Ella Preuninger аттуу көрүүчү.
Ал эми Dewey Oxburger аттуу колдонуучу "Өлкө мынчалык тез ыдырап жатканы кокустук болушу мүмкүн эмес. Бул пландалган нерсе" деген пикирин калтырган.
Батыш өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштагандан кийин киргизген. Чектөөлөр буга чейин эле АКШ жана Европа үчүн экономикалык көйгөйгө айланып, күйүүчү майга жана азык-түлүккө баанын олуттуу өсүшүнө алып келген. АКШнын Эмгек департаментинин маалыматы боюнча, мартта баа 8,5 пайызга өскөн. Бул 1981-жылдын декабрынан берки эң жогорку өсүш болду.