БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Сауд Аравияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 12-май күнү сынак тапшырат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Талапкерлер тесттин суроолоруна 12-май күнү саат 10:00дө "Кыргыз тест" мамлекеттик мекемесинин имаратында жооп берет. Тесттен ийгиликтүү өткөндөр 13-май күнү муфтияттын жыйындар залында баарлашууга киришет.
Ажы башчы болом дегендерге 100дөн ашык суроо берилет. Ар бири менен шилтеме аркылуу муфтияттын сайтынан таанышууга болот.
Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 квота бөлгөн. 2020-2021-жылдары пандемиядан улам Меккеге сапар уюштурулган эмес.