Мельник, кет! Берлин тургундарынын нааразылыгына кабылган Украина элчиси. Видео

Украиналык дипломаттар эскерүүгө мамлекеттик желекти ала келишкен, бирок полиция аны бүктөп коюуну суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник советтик аскерлердин эстелигине гүлчамбар коюп жаткан мезгилде Берлиндин тургундары аны жактырбай, кыйкырып, кубалашты. Бул тууралуу Berliner Zeitung басылмасы жазган.
Чогулгандар немец жана украин тилдеринде "Мельник, кет" деп кыйкырышкан. ЖМКлардын маалыматы боюнча, украиналык дипломаттар Украина жана Россия мамлекеттик символикасын убактылуу көрсөтүүгө тыюу салган эрежедеги өзгөчөлүктөн пайдаланып желекти ала келишкен.
"Тиргартендеги советтик эстеликтин алдында Украина элчисинин расмий эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Чакырылган конокторго желектерди көрсөтүүгө уруксат берилген. Бирок бул ары-бери өткөн элдин кыжырын келтирүүдө. Эскерүүнү тынч өткөрүү үчүн биздин кесиптеш узундугу 25 метр болгон Украинанын желегинин бүктөлүшүн көзөмөлдөп турду", — деди Берлиндин полициясы.
Мельник Берлин полициясынын 8-9-майдагы эскерүү иш-чарасында мамлекеттик желекти демонстрация кылууга чектөө койгон чечимин "украин элин бетке чапты" деп атады. Украина символикасы менен катары жаңы чарага Россиянын желеги, "V" жана "Z" тамгалары жазылган сүрөттөр, аскердик форма жана ырлар кирген. Дипломатиялык делегация менен гана ардагерлерге уруксат берилген.
Буга чейин канцлер Шольц ZDF телеканалына берген маегинде, Украина президенти Владимир Зеленский германиялык кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайерди кабыл алуудан баш тартканы үчүн жакын арада Киевге барбай турганын айткан. Ага жооп катары Украина элчиси Мельник DPA агенттигине "өзүн таарынган колбаса катары көрсөтүү мамлекеттик кызматкерлерге ылайык эмес" деп жооп берген. Колбаса сөзүн немец фразеологизминдеги негизи жок таарынуу деген мааниден алган. Андан кийин элчи бул сөзү үчүн кечирим суроодон баш тарткан.
Андрей Мельник ар дайым дипломатияга туура келбеген билдирүүлөрдү айтып келет. Ал Берлинден бир эмес бир нече жолу Киевге курал жеткирүүнү талап кылып, орустардын баарын душман деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Германия Украинага убада кылган курал-жаракты бере алган жок