Садыр Жапаров боксчу Дмитрий Биволду жеңиши менен куттуктады

Спортчу 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда таймаштарга Россиянын атынан чыгып жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров орто оор салмакта WBA чемпиондук наамын коргогон Дмитрий Биволду жеңиши менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол бүгүн белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду.

"Мекендешибиз Дмитрий Бивол учурдун эң күчтүү мушкери Сауль Альварести оор кармашта жеңип, орто оор салмакта WBA чемпиондук наамын коргоду. Биз Дмитрийдин бул жеңишине сыймыктанабыз. Анткени спорттук пайдубалы Кыргызстанда түптөлгөн. Жердешибизге дүйнөлүк спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз!" — деп жазган Жапаров.

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгып жүрөт. Ал рингде жеңилип көргөн эмес. 20 кармаштын 11ин нокаут менен уткан жана WBA уюмунун супер чемпиону.
Атаандашы Альварес башка салмакта (76 кг.) абсолюттук чемпион. Ал 60 беттештин 57син утуп, 39ун нокаут менен аяктаган. Бивол экөө бир куракта.
Валентина Шевченко наамын коргоо үчүн бразилиялык мушкер менен кармашат