Россиянын газын албай Германия чыгымга учурашы мүмкүн

Германия жана башка батыш өлкөлөрдө энергоресурстардын тартыштыгынан баа кескин жогорулап, анын айынан финансы тармагы жана жогорку технологиялык продукцияларды чыгаргандар жапа чегүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Германияга энергияны жеткирүү оорлоп, банкрот болуу коркунучун пайда кылууда. Мындай пикирин Commerzbank төрагасы Манфред Кноф билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Германияны энергия менен камсыз кылуу коркунучта турат. Аны жеткирүү чынжырчасы үзүлүп, бизде инфляция жогорулады", — деген банкир.

Ал ошондой эле чийки заттарга баанын жогорулашына, логистика менен болгон кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн банк корпоративдик кардарлар менен иштешип жатканын кошумчалайт.
"Биз өзүбүздү алдабашыбыз керек. Эми базарда акчасын төлөй албагандар көбөйүшү мүмкүн", — деп билдирген Кноф.
Германия жана башка батыш өлкөлөрдө энергоресурстардын баасы кескин жогорулап, Россиянын Украинада баштаган операциясынан улам киргизген Европанын санкцияларынан инфляция жогорулады. Анын айынан финансы тармагы жана жогорку технологиялык продукцияларды чыгаргандар жапа чегүүдө. Бирок европалыктардын көпчүлүгү россиялык энергоресурстардан көз каранды болбоо керек деп кыйкырып, бир топ бренддер Россиянын аймагынан чыгып кеткен.
Кремль мындай чектөөлөрдү экономикалык согуш деп атап, окуянын мындай өнүгүшүнө даяр экендигин билдирген. Россиянын банкы валюта базарындагы абалды турукташтыруу үчүн газ алган өлкөлөр менен рубль менен эсептешүүдө.
Дүйнө жүзү алгачкы жолу энергетикалык каатчылыкка кабылды. Себеби