Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рогозин: АКШ Украинага чалгындын маалыматтарын бергенин жаап-жашыра албайт

New York Times басылмасы Вашингтон "реалдуу убакыт режиминде" согуш талаасындагы окуялар тууралуу маалыматты, анын ичинде Россия аскерлеринин кыймылын Украинага тымызын берип турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Роскосмостун" башчысы Дмитрий Рогозин ЦРУнун директору Уильям Бернстин АКШнын Украина менен чалгындын маалыматтарын алмашуусу боюнча билдирме ЖМКга тарап кеткени тууралуу айткандарына комментарий берди.
РИА Новости жазгандай, Рогозин россиялык аскерлердин өлтүрүлүшүнө жана Киевге чалгындын маалыматтарын берип турганга АКШнын түздөн-түз тиешеси бар экенин жаап-жашыруу мүмкүн эмес деп билдирген.
"Бернс мырза, эми баары кеч. Сиз менен жакшы таанышпыз. Спасо-хауста жолукканбыз. Россиялык аскерлердин өлтүрүлүшүнө жана чалгындоо маалыматтарын берип турганга, анын ичинде Американын орбиталык топтордун Байкоо жана байланыш боюнча космостук сервистерин берип турганына АКШнын түздөн-түз катышуусу бар экенин жаап-жашыра албайсыздар", — деп жазган Рогозин Telegram-каналында.
Буга чейин New York Times басылмасы атайын операциянын экинчи фазасы жарыялангандан кийин Вашингтон "реалдуу убакыт режиминде" согуш талаасындагы окуялар тууралуу маалыматты, анын ичинде Россия аскерлеринин кыймылын Украинага тымызын берип турганын билдирген.
ЦРУнун директору Бернс өз кезегинде мындай маалыматтардын ЖМКларга тарап кеткенин жоопкерчиликсиз жана тобокелдүү деп эсептерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада биологиялык курал жасоонун артында ким турганы аныкталды