Путин кыргыз элин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

РФ президенти согуштун оор жылдарындагы достук мамиле мындан ары да кыргыз-орус алакасына өз таасирин берип, стратегиялык өнөктөштүктө уланарына ишенерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен билдирди.
"Биз бул маанилүү күндө фронтто фашисттик баскынчылар менен эрдик көрсөтүп салгылашкан, жалпы жеңиш үчүн тылда кайраттуу эмгектенген аталарга, чоң аталарга чексиз ыраазыбыз. Алардын эрдиктерин сыймыктануу менен эскеребиз", — деген Путин.
РФ президенти согуштун оор жылдарындагы достук мамиле мындан ары да кыргыз-орус алакасына өз таасирин берип, стратегиялык өнөктөштүктө уланарына ишенерин баса белгилеген. Россия лидери согуштун, тылдын ардагерлерине узун өмүр, ден соолук, бакубат жашоо каалаган.
Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү саат 9:00дө башталмай болду