Ош шаарында "Эскерүү оту" жанды. Сүрөт

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аскер кызматкерлери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бүгүн Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде "Эскерүү оту" эл аралык эстафетасынын алкагында Өчпөс от жанганын мэриядан билдирди.
1 / 5

Бүгүн Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде "Эскерүү оту" жанганын мэриядан билдирди

2 / 5

Иш-чара "Эскерүү оту" эл аралык эстафетасынын алкагында уюштурулган

3 / 5

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аксакалдар, аскер кызматкерлери катышты

4 / 5

"Эскерүү отун" Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев күйгүздү

5 / 5

Бул эстафетага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жаштар бирикмелери, ыктыярчылар колдоо көрсөттү

"Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аксакалдар, аскер кызматкерлери катышты. "Эскерүү отунун" Өчпөс отун Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев күйгүздү. Вице-мэр Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап, фронттогу баатырларды эскерүү өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү экенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Бул эстафетага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жаштар бирикмелери, ыктыярчылар колдоо көрсөтүшкөнү кошумчаланды.
Москвадан алып келинген "Эскерүү оту" Бишкекке өткөрүлүп берилди. Видео