Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү саат 9:00дө башталмай болду

Колонна саат 8:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында тизилип баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү саат 10:00дө эмес, 9:00дө баштала турган болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Өлбөс полк — Кыргызстан" акциясынын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.
Анын айтымында, убакыт бир саатка аба ырайына (ысыкка) байланыштуу жылдырылган. Ошондой эле аталган иш-чараны өлкөнүн бардык жеринде бир убакытта баштоо пландалууда.
Колонна саат 8:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында тизилип баштайт.
Чогулгандар Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышат. Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат. Бишкектен тышкары "Өлбөс полк" жүрүшү Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка жерлерде болору айтылды.
Иш-чаранын уюштуруучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине тиешеси жок белги, желектерди колдонбоого чакырды.
Эске салсак, акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн-форматта өтүп келген. Бул ирет иш-чара кадимки тартипте уюштурулмакчы.
"Өлбөс полк" акциясы дүйнөдөгү кайсы мамлекеттерде өтөт? Карта