"Өлбөс полк" акциясы дүйнөдөгү кайсы мамлекеттерде өтөт? Карта

Буга чейин акция 88 өлкөдө өтүп, эл жүрүшкө чыгат деп айтылган. Кыргызстанда болсо эки шаарда уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Өлбөс полк" акциясы 9-май күнү дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүндө өтөт. Бул тууралуу "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналы жазды.
Буга чейин Россия ТИМинин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Алексей Зайцев акция 88 өлкөдө өтүп, эл жүрүшкө чыгат деп айткан.
"Быйыл Венесуэлада "Өлбөс полк" биринчи ирет болот. Ошондой эле Аргентина, Беларусь, Болгария, Иордания, Испания, Кыргызстан, Никарагуа, Сербия жана башка өлкөлөрдүн жарандары жүрүшкө чыгары күтүлүүдө. Ар кандай чагымдарды болтурбоо үчүн уюштуруучулар коопсуздукка көңүл бурушат", — деди Зайцев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда аталган акция Бишкекте гана эмес, Ош шаарында да уюштурулат.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын балдары, неберелери атасынын, чоң атасынын сүрөттөрүн көтөрүп көчөгө чыгышат.
Москвадан алып келинген "Эскерүү оту" Бишкекке өткөрүлүп берилди. Видео