БИШКЕК, 8-май — Sputnik. COVID-19дун оор формасынын кесепети адамдын 20 жылга улгайганы менен барабар. Бул тууралуу Russian Traveler окумуштууларга шилтеме кылып жазды.
Адистер коронавирус инфекциясынан катуу жапа чеккен 46 бейтап менен инфекцияны жуктурбаган 460 адамды салыштырган. Анда COVID-19 менен катуу ооруган адамдын эс-тутуму жарым жылдан кийин 20 жашка улгайып калган адамдыкы менен бирдей болгону аныкталган.
"Англияда эле коронавирустан он миңдеген адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Андан сырткары, көптөгөн адамдар инфекциянын оор түрүнө кабылса да ооруканага жаткан эмес. Алардын басымдуу бөлүгү көп ай өткөндөн кийин эс-тутуму, акыл-эси начарлап кеткенин айтышкан", — деп билдирген изилдөөчүлөр.
Айрым бейтаптар сүйлөөсү начарлап, мээси жай иштеп калганын айтышкан.