Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдан" жалпы канча киши эвакуация болгону айтылды

Эвакуация болгондорго тамак берилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагынан жалпы 182 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Донецк Эл Республикасынын аймактык коргонуу штабынын телеграм каналы маалымдады.
Көчүрүлгөндөрдүн арасында улгайгандар, аялдар жана балдар да бар. Бардыгы калк жашаган Безыменное пунктуна жайгаштырылган. Эвакуация болгондорго тамак берилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Киев бийлиги көзөмөлдөгөн райондорго кетүүнү каалагандар эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилгени айтылды.
450 миң калкы бар Мариуполь 2014-жылы өлкөдөгү Донецкиден кийинки эле экинчи шаар болчу. Бирок ошол эле жылдын июнь айында украиналык күчтөр аны өз көзөмөлүнө алышкан.
7-мартта "Восток" батальонунун командиринин орун басары Александр Семенов шаар курчоого алынып, анын айрым райондору тазалана баштаганын билдирген. Коргоо министрлиги 16-апрелде россиялык аскерлер Мариуполдун бардык аймагын украин аскерлеринен, чет элдик жалданма аскерлерден жана "Азов" полкунун неонацисттеринен бошотконун кабарлаган.
Украиналык топтун калганы "Азовсталь" комбинатында калып, согуштук аракеттерди токтотуудан баш тартышууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль украиналык согушкерлердин адамдарды дарыга алмаштыруу сунушу боюнча үн катты