Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдан" элди эвакуациялоо операциясы аяктаганы айтылды

Мизинцев куткарылган ар бир жай тургундун коопсуздугу камсыздалып, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын аракети, БУУ менен Кызыл крест эл аралык комитетинин катышуусунун аркасында "Азовсталь" заводунун аймагынан жай тургундарды эвакуация кылуу боюнча гуманитардык операция аягына чыкты. Анда 51 адам куткарылды. Бул тууралуу Россиянын Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы, генерал-полковник Михаил Мизинцевге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Операция башталгандан бери (2022-жылдын 5-майынан тарта) 18 эркек, 22 аял, 11 баланы, 7-майда дагы бир адамды куткарууга мүмкүн болду", — деди ал.
Мизинцев куткарылган ар бир жай тургундун коопсуздугу камсыздалып, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөрүн белгилеген. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн коштоосунда эвакуация болгондор убактылуу жайларга жайгаштырылган.
Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков 16-апрелде россиялык аскерлер Мариуполдун бардык аймагын украин аскерлери, чет элдик жалданма аскер жана "Азов" полкунун неонацисттеринен бошотконун кабарлаган. Россия лидери Владимир Путин заводго чабуул жөнү жок жасалганын айтып, ишканага кирип-чыкчу жердин баарын жаап, тосуу тапшырмасын берген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Азовсталдын" аймагындагы украиналык аскерлер ак желек көтөрүп чыгышты