"Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун" төрайымы Анна Кутанова көз жумду

Кутанова мектеп курагында штабга аткылоого кабылгандар тууралуу маалымат берип турган. Ага "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана башка көптөгөн юбилейлик төш белгилер ыйгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун" төрайымы Анна Кутанова 92 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты анын уулу тастыктады.
Кутанова 1930-жылы 18-январда туулган. Ал Кыргызстанга көчүрүлгөнгө чейин Ленинградда жашаган. Мектеп курагында штабга аткылоого кабылгандар тууралуу маалымат берип турган. Ага "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана башка көптөгөн юбилейлик төш белгилер ыйгарылган.
2012-жылы Кутанованын демилгеси менен Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Кыргызстан менен Россиянын жетекчилигинин катышуусунда Ленинград блокадасына арналган эстелик ачылган.
Белгилей кетсек, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кутановага кечээ эле, 7-майда барып жолуккан.
Быйыл согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет