"Ала-Тоо" аянтында "Маш ботой" күүсүн 16 оркестр аткарды. Видео

Улуттук тарых музейинин алдында өлкөдөгү оркестр жамааттары Атай Огонбаевдин белгилүү "Маш ботой" күүсүн аткарды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында "Маш ботой" күүсүн 16 оркестр аткаргандыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Кечээ, 7-майда, Улуттук тарых музейинин алдында өлкөдөгү оркестр жамааттары концерт коюп, андан соң катышуучулар Атай Огонбаевдин белгилүү "Маш ботой" күүсүн ойногон. Ага белгилүү Бакыт Тилегенов дирижёрлук кылган. Иш-чара оркестр (эл аспаптар) жамааттары арасындагы республикалык кароо-сынактын соңунда уюштурулган.
Анда биринчи орунду Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри менен Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын эл аспаптар оркестри алган. 2-орунга Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри, Аламүдүн райондук маданият бөлүмүнө караштуу "Арка-Сыры" элдик фольклордук оркестри жана "Арашан" фольклордук оркестри татыган.
Ал эми үчүнчү орунга Ыбрай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри, Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эл аспаптар оркестри ээ болгон.
Эске сала кетсек, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчу аталган күүнү черткен.
Быйыл 85 жашка чыкмак... Экинчи өмүрүн жашап жаткан Тууганбай Абдиев