Юстиция министрлиги: коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жобого тиешебиз жок

Документ министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлган. Ал жакта долбоорду Юстиция министрлиги демилгелегени көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Юстиция министрлиги "Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык коомдун башка институттары үчүн мамлекеттик чакан гранттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" долбоорго тиешеси жок экенин билдирди.
Документ министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлган. Ал жакта долбоорду Юстиция министрлиги демилгелегени көрсөтүлгөн.
"Министрлик бул долбоордун демилгечиси эмес жана аны коомдук талкууга алып чыккан жок. Долбоордогу билдирүүдө көрсөтүлгөн байланыштар жана электрондук почта дареги да министрликке караштуу эмес", — деп жазылган маалыматта.
Мекеме бул жагдай изилдене турганын кошумчалады.
"Бул долбоор Юстиция министрлигине келип түшкөндө (расмий макулдашуунун алкагында) белгиленген тартипте тийиштүү экспертиза жана критикалык талдоо жүргүзүлөт", — деп жазылган билдирмеде.
Документ өкмөттүн сайтына кандайча жайгашып калганы азырынча белгисиз.
Маморгандар президенттин администрациясы менен атайын система аркылуу иштей баштайт