Токмоктук боксчу Дмитрий Бивол эртең чемпиондук наамын коргойт

Кыргызстанда туулган спортчу WBA уюмунун супер чемпиону болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Токмокто төрөлүп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол Дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясындагы чемпиондук наамын коргоо үчүн белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварес менен кармашат. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Беттеш 8-майда Лас-Вегаста өтөт.
Бүгүн спортчулар салмакка түшкөн. Экөөнүн рингдеги салмагы 79 килограмм, бокста бул орточо оор категория деп саналат.
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгат. Ал рингде жеңилип көргөн эмес. 19 кармаштын 11ин нокаут менен уткан. WBA уюмунун супер чемпиону.
Атаандашы Альварес башка салмакта (76 кг) абсолюттук чемпион. Ал 60 беттештин 57син утуп, 39ун нокаут менен аяктаган. Бивол менен бир куракта.
Экөө алтын. Боксчулар Сербиядан төрт медаль алып келди. Сүрөт