Караколдо жаңы аэровокзал курула баштады. Эскиз

Курулуш иштери соңуна чыкканда ал саатына 250 жүргүнчү кабыл алып, "Embraer 190" үлгүсүндөгү жана ага окшош учактарды кабыл алат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын соңунда пайдаланууга бериле турган "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын соңунда пайдаланууга бериле турган "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды

2 / 3

Азыр аталган аэропорттун узундугу 2000 метр болгон учуп-конуу тилкеси бар

3 / 3

Ал дагы 400 метрге узартылат

Азыр аталган аэропорттун узундугу 2000 метр болгон учуп-конуу тилкеси бар. Ал дагы 400 метрге узартылат. Жапаров "Каракол" аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделип, учуу-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилгендигин эске салды.
"Каракол эл аралык аэропортундагы курулуш иштери соңуна чыкканда саатына 250 жүргүнчү кабыл алып, "Embraer 190" үлгүсүндөгү жана ага окшош учактарды кабыл ала алат. Жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен "Каракол" аэродромунун элементтерин реконструкциялоо, аэропорттун терминалдык комплексинин жаңы имаратын куруу каралган. Жаңы терминалдын курулушу Каракол аэропортуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошентип, эл аралык каттамдар менен жүргүнчүлөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди президент.
Ал ошондой эле жасалып жаткан иштердин аркасында жалпы аймактын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышына мүмкүнчүлүк түзүлүп, кошумча туристтик агымдарды тартууга жардам боло тургандыгын айтты.
Кыргызстандагы бардык аэропорттор кадимки тартипте иштей баштады
Садыр Жапаров: Кыргызстандагы бардык ички аба каттамдар калыбына келтирилет